Ош шаарында дүкөн жана бильярд ойноочу клуб өрттөндү

  • 2 года мурун

Ош шаарында дүкөн жана бильярд ойноочу клуб өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 24-декабрда Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам өрт кырсыгы катталган жерге саат 07:42де Ош шаардык №13 АӨКБдан 1, буга кошумча 07:54тө Ош шаардык №85 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоо саат 8:10до чектөөгө алынып, саат 9:09да толугу менен өчүрүлдү.

Өрт кырсыгынын кесепетинен бильярд ойноочу клубдун 88 чарчы метр жыгач устундуу тунуке менен жабылган чатыры жана дүкөндүн 55 чарчы метр аянты толугу менен күйдү. Кырсыктан жабыр тарткандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты