Ош шаарында чуркоо боюнча жазгы марафон өттү
- 1 год мурун
Бүгүн, 5-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтта дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата чуркоо боюнча жазгы марафон өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Марафонго катышкандар 16 категория боюнча 400, 500, 1500 жана 2200 метр аралыкта чуркашты.
Жарышка Ош шаарынын жана Ош облусунун мамлекеттик мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары күч сынашып, жалпысынан 3 миңге жакын адам катышты.
Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети, демөөрчүлөр тарабынан медалдар, Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.
Муну бөлүшүү




