Ош шаарында үч эм төрөлдү
- 4 ай мурун
Ош шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-июлда Ош шаарындагы Перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм, эки уул жана бир кыз төрөлдү. Биринчи наристе (эркек) 1 200 грамм салмакта, экинчи наристенин (кыз) салмагы 1 350 грамм, үчүнчү наристенин (эркек) салмагы 1 280 грамм болуп төрөлгөн.
Бул Ош облусунун Чоң-Алай районунун 21 жаштагы тургунунун биринчи төрөтү. Төрөт мөөнөтүнөн эрте, 30-жумада болгон.
Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Эрмек Нурунбетовдун маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйлөрүнө чыгарылды.
Муну бөлүшүү