Ош шаарында быйыл 8 миңден ашык окуучу биринчи класска барды

  • 2 года мурун

Ош шаарында быйыл 8 миңден ашык окуучу биринчи класска барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарындагы бардык мектептерде Билим күнү белгиленип, ага Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев №4 мектепте болуп, окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Вице-мэр окуучулардын билимин жогорулатуунун маанилүү аспектисин жана билим берүүнүн сапаты боюнча пландуу иштерди белгиледи.
“Баарыңыздарды окуу жылынын башталышы менен Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Бүгүнкү күндө шаарда мектеп окуучуларынын жалпы саны 85 миңге жакын болсо, анын ичинен 8720га жакын окуучу 1-класска кабыл алынды. Окуу жылы башталганга чейин бардык мектептерде республикалык, жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен тийиштүү оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ош шаарынын мэриясы тарабынан мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мугалимдердин статусун жогорулатуу, мугалимдерге колдоо көрсөтүү боюнча жыл сайын системалуу иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Биздин негизги милдетибиз – билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө иштөө”, — деп белгиледи Жунусбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты