Ош шаарында быйыл 30 миңден ашуун көчөт отургузулат

  • 1 год мурун

Ош шаарынын Ата-Түрк паркына шаарды жашылдандыруу максатында 40 түп ак кайың көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Көчөттөрдү отургузууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин депутаты Максат Маматкулов, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчилиги, МАБ өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

2023-жылы “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы тарабынан жалпысынан 500 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу жана 20 000 түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.

Мындан сырткары, муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан 10 миң түптөн ашуун дарактардын көчөттөрү отургузулат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты