Ош шаарында базарда соодагерлерге акысыз ККМ аппараттар тапшырылды

  • 2 месяца мурун

Ош шаарында базарда соодагерлерге акысыз ККМ аппараттар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгын, Ош шаарынын мэриясынын, борбордук базар дирекциясынын өкүлдөрү катышууда.

Бардыгы болуп арыз берген борбордук базардын 500дөн ашык соодагерлери акысыз ККМ аппараттарын алышат.
Буга чейинда шаардагы базарлардын соодагерлерине 100дөн ашык акысыз ККМ аппараттары тапшырылган.

Ош шаарында ККМ аппараттарына болгон жалпы муктаждык 3211 бирдикти түзөт, бирок бул сан дайыма өсүп турат.

Эскерте кетсек, акысыз ККМ аппараттары соода ишмердүүлүгү үчүн патенттерди жокко чыгарууга байланыштуу бирдиктүү салыкты киргизүүнүн алкагында тапшырылат. Соода иши үчүн патенттерди жокко чыгаруу 1-июлдан баштап күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты