Ош шаарында баңгизат сатканга шектелген жарандар кармалды

  • 1 неделя мурун

Ош шаарында баңгизат сатканга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-апрель күнү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Ош шаарынын аймагында «Р» аттуу жаран мыйзамсыз баңгизатын сактап, таратып жана сатканга кардар издеп жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча Ош ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери Ош шаарынын аймагынан аталган кылмышка тиешеси бар жарандарды аныктап, 1971-жылы туулган Б.Ш. жана 1971-жылы туулган К.И. кармашып, тергөө кызматына жеткиришти.

Тинтүү учурунда Б.Ш. аттуу жарандын жанынан өзгөчө жыты бар 3.9 граммды түзгөн зат (баңги зат), ал эми К.И. аттуу жарандын кийиминен өзгөчө жыты бар 4.9 граммды түзгөн зат (баңгизат) табылган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты