Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата массалык ишембилик өтөт

  • 2 года мурун

Ош шаарында 17-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата жалпы шаардык ишембилик өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга байланыштуу вице-мэр Сонунбек Жунусбаевдин жетекчилиги астында штабдын жыйыны болду. Ишембиликке шаардагы бардык мекеме-уюмдар, муниципалдык кызматтар жана ведомстволор, муниципалдык аймактык башкармалыктар тартылат.

«Иш-чаранын алкагында Сулайман-Тоонун боорун, Ак-Буура дарыясынын жээктерин жана квартал ичиндеги көчөлөрдү таштандылардан тазалоого өзгөчө басым жасалат. Ар бир мекемеге шаардын тиешелүү бөлүгү милдеттендирилип, аны тазалоо иштери жүргүзүлүүгө тийиш. Сүйүктүү шаарыбызда тартипти жана тазалыкты калыбына келтирүүгө ар бир тургун салым кошуусу керек», — деп белгиледи вице-мэр.

Эске сала кетсек, жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү ишембисинде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жалпы коомчулуктун, массалык маалымат каражаттарынын, мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрдүн тазалыкка болгон аракетин бириктирүү максатында «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» экологиялык акциясы өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты