Ош шаарында Алиев-Аматов көчөлөрүндөгү узундугу 1204 метр тротуардын курулушу аяктады

  • 2 года мурун

Ош шаарында Алиев жана Аматов көчөлөрүнүн боюндагы жолдун эки тарабына тротуар курулуп бүттү. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тротуардын жалпы узундугу 1204 метрди түзүп, туурасы көчөгө жараша 2,25 метрден 6 метрге чейин кеңейген.

Эске салсак, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, быйылкы жылы Ош шаарындагы 38 көчөгө тротуарларды куруу жана реконструкциялоо иштери пландалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты