Ош шаарында алгачкы жолу шахмат залы ачылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 17-ноябрда Ош шаарындагы А.Навои атындагы сейил багында алгачкы шахмат залынын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Объекттин ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышып, бардык курактагы жарандарды шахматка тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Жаш шахматчылар, шахмат сүйүүчүлөр түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн Ош шаарынын мэрине ыраазычылыктарын билдиришип, буга чейин шахмат сүйүүчүлөргө мындай шарттар болбогонун белгилешти.

Шахмат залынын курулушуна көмөк көрсөткөн инвесторго да ыраазычылык айтылды. Шахмат залы 60 орунга ылайыкташып, жалпы аянты 180 чарчы метрди түзөт. Имаратта бардык тиешелүү шарттар, ажаткана, кондиционер бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты