Ош шаарында айланма жол курулат
- 2 недели мурун
Ош шаарындагы Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрүнүн кесилишине айланма жол куруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган кесилиште жол кырсыктарынын көп катталып келгени эске алынып, айдоочулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында долбоор ишке ашырылууда. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан жол жээгинде курулуш иштерине тоскоолдук жараткан айрым имараттарды бузуу жана алып салуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Белгилей кетсек, Мамыров жана Амир-Темур көчөлөрү 2025-жылы толук реконструкциядан өткөрүлүп, жолдор кеңейтилип, жаңы асфальт төшөлгөн.
Муну бөлүшүү




