Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу башталды

  • 2 года мурун

Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бекиткен иш-чаралардын графигине ылайык Юго-Восток кичи районунда 120 орундуу “Балажан” бала бакчасынын кошумча имаратынын курулушу башталды.“СК-Лидер” ЖЧК курулуш компаниясынын прорабы Асылбек Таштаналиевдин айтымында, учурда фундаментти куюу иштери жүрүп жатат. Бекитилген мөөнөт боюнча объект 9 айда пайдаланууга берилиши керек. Аталган курулуш компаниясы тарабынан объектти быйылкы жылы бүткөрүп, колдонууга берүү аракеттери көрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты