Ош шаарында 12 үй тибиндеги бала бакча иштеп жатат

  • 4 месяца мурун

Ош шаарында 12 үй тибиндеги бала бакча иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ош шаарында бала бакчалардын жетишсиздигин чечүү жана «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке ашыруу максатында мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүү үчүн үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча иштер уланууда.

Бүгүн Набережная/13 көчөсүндө жайгашкан “Алымбек датка” МАБында дагы бир үй тибиндеги бала бакча ачылды. Ошондой эле аталган программанын алкагында буга чейин ачылган үй тибиндеги бала бакчалардын ишмердүүлүгү көрүп чыгылды.

Ош шаарында үй тибиндеги бала бакчалардын жеңилдетилген шартта ачуу боюнча эл арасында калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн атайын жумушчу топ иш алып барууда.

Анын негизинде бүгүнкү күнгө карата бул багытта 30дан ашуун арыздар келип түшкөн. Учурда 12 үй тибиндеги бала бакча ачылган.

Быйылкы жылы дагы кошумча 20 үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу максатталган.

Жалпысынан бул программанын алкагында бала бакчаларда 200гө жакын балага орун түзүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты