Ош шаарына Чехиянын делегациясы келди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 3-сентябрда Ош шаарына Чехиянын делегациясы келди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аларды Ош шаарынын аэропортунан Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Мээримбек Апышов тосуп алды.

Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында Чехиянын парламенттик делегациясы Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы чехословактардын көмүлгөн жерлерине жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка эстеликтерге барат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты