Ош шаарына 50 жаңы автобус алып келинет
- 2 года мурун
Бүгүн, 22-августта Ош шаарында Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты түзүү боюнча көчмө жыйын өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында Кыргыз-Өзбек фонду, шаар мэриясы жана “SamAuto” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) ортосунда Ош шаарына 50 автобус алып келүү боюнча документке кол коюлду.
Мындан тышкары иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусун жана Ош шаарын өнүктүрүү долбоору, туризм тармагын өнүктүрүүдөн экономикага мультипликативдик эффекттин ролу тууралуу айтылды.
Муну бөлүшүү