Ош округундагы шайлоодон четтетилген талапкер Максатбек Маматкулов сотко кайрылды

  • 2 недели мурун

Ош округундагы шайлоодон четтетилген талапкер Максатбек Маматкулов сотко кайрылды. Бул тууралуу «Азаттык» Маматкуловго шилтеме берип жазып чыкты.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине макул эместигин билдирди.

«Чыгарган чечимдери мыйзамсыз. Анткени ал үгүт жүргүзгөндөргө тиешем жок. Алар өздөрү да азыр түшүндүрмө берет. Алар 19 үгүтчү деп жатат, андай үгүтчүлөр дагы жок. Азыр Биринчи май райондук сотуна арыз жаздык соттун чечимин күтөбүз», — деди ал.

Эске салсак, 26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Максатбек Маматкуловдон сырткары Бекмурза Эргешовдун дагы талапкер деген каттоосун жокко чыгарып, жарыштан четтеткен. Анда мекеме Маматкулов үгүт өнөктүгүн каржылоого байланыштуу мыйзам талаптарын бузганы аныкталганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты