Ош ОИИБ: Араванда баңги затын мыйзамсыз түрдө сактаган жаран кармалды

  • 1 год мурун

Араванда баңги затын мыйзамсыз түрдө сактаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, февраль айында Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн  кызматкерлери “Үй-бүлө” аталышындагы алдын алуу иш-чарасын өткөрүү жөнүндө буйругунун негизинде барган учурда айыл тургунун үйүнүн короосунда шек туудурган өзгөчө жыты бар кургатылган өсүмдүктөр табылган.  

Аталган факт боюнча, Араван РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам жана тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, бул кылмышка шектүү катары Төө-Моюн айыл аймагына тургуну 1972-жылы туулган К.К., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Белгилей кетсек, шектүүнүн үйүнө кароо жүргүзгөн учурда, жалпы салмагы 1 (бир) кг. 646 (алты жүз кырк алты) гр. болгон өзгөчө жыты бар баңги затына окшогон кургатылган өсүмдүктөр алынган. Шектүүдөн алынган өзгөчө жыты бар затка экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, ал зат “марихуана-высушенной” экендиги аныкталган. 

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты