Ош облусунда жер титиреди

  • 2 года мурун

Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 31-майда саат 20:54тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Талды-Суу, Сары-Могол айылдарында жана Чоң-Алай районун Кашка-Суу, Кара-Кабак, айылдарында 3 баллга чейин, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты