Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 22:28де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Арча-Булак, Талды-Суу, Сары-Могол, айылдарында 3 балл, Сары-Таш жана Кара-Кабак айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты