Ош облусунда жер титирөө катталды
- 2 года мурун
Ош облусунда катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 01:36да Кытайдын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 балл, Эркештам жана Икизяк айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү