Ош облусунда жаңы Жаңы-Барак айылы түптөлдү
- 2 года мурун
Бүгүн, 15-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылынын ачылыш аземи болуп өттү. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө башчы ачылыш аземде сөз сүйлөп, жаңы айылдын түптөлүшү кыргыз эли, жаңы айылдын тургундары, ал үчүн дагы – баардыгы үчүн өтө маанилүү жана кубанычтуу күн болуп жатканын жана Кыргызстан үчүн символикалуу көрүнүш экенин белгилеген.
«Буга чейин башка өлкөнүн аймагында эксклав болуп калган аймакта күн кечирген кыргызстандыктар өз тарыхынын жаңы барагын ачып, жаңы турмуш баштоонун алдында турат. Ал жаңы үйлөрдө жаңы үмүттөр менен жаңы жашоого кадам таштап, эң башкысы Кыргызстан аймагында түтүн булаткан жарандарыбыз үчүн сүйүнүп турганын жашырган жок»,- деп айтылат маалыматта.
Президент өз сөзүндө Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Дөбө районунун ичинде жайгашкан Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп келгенин эске салган: «Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган айылдын тургундары кыйын кырдаалдарды баштан кечиришкен: өткөрүү пункттарында суукта, шамалда сааттап кезек күтүп, текшерүүдөн өткөн. Ошко чейинки 15 мүнөттүк жолду 300 чакырып жол аркылуу айланып олтуруп, 12 саатта жеткен күндөр да болгон».
Садыр Жапаров кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинде Барак айылынын маселесин кошо көтөрүү менен айылдын жерин алмашуу жолу менен чечүү жагы колго алынганын айтып берген.
«2024-жылдын март айында Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жолугушуусунда Өзбекстан айылдагы курулмаларды демонтаждоого милдеттенсе, кыргыз тарап айыл элин көчүрүү милдетин алган. Ошол макулдашуунун жыйынтыгында жалпы жонунан 208 гектар жер Өзбекстан менен алмашылып, ал жерге Жаңы-Барак айылын түптөө чечими кабыл алынган»,- деп айтылат маалыматта.
Жаңы ачылган айылда 101 турак үй курулган. Жер астынан таза суу чыгарылып, көчөгө шагыл төшөлүп, электр зымдары тартылган. Ошондой эле, Жаңы-Барак айылында бала бакча, мектеп, көп кабаттуу үй, сейил багы, мечит, футбол талаасы курулган. Тургундарга айдоо аянчалары бөлүнүп берилген.
Жаңы-Барак айылынын курулушу ушул жылдын 6-майында башталган. Садыр Жапаров бул айылда көп кабаттуу үй куруу да каралганын, кийин ал Жаңы-Барак айылынын уул-кыздарына Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилерин айткан.
Ал өз сөзүнүн аягында Жаңы-Барактын тургундарына жаркын жана кең келечек каалап, жаңы конуш жаңы башталыштын, жаңы үмүт менен жаңы кыялдардын айылы болушун тилек кылган.
Сүрөт: president.kg




