Ош облусунда “Шрек” каймана аттуу эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды

  • 3 месяца мурун

Ош облусунда “Шрек” каймана аттуу эл аралык баңгизат тобунун лидери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыштуу чөйрөдө коңшу мамлекеттер менен баңгизаттарды жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган «Шрек» каймана аты менен белгилүү болгон баңгибарон кармалды.
29-апрелде Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны Я.М.М. кармалып, андан 1 кг салмактагы «Гашиш» баңги заты табылып, алынды. Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Колдо болгон ыкчам маалыматтарга ылайык, Я.М. Ош облусунун негизги баңги өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп саналат, баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт, кылмыштуу иштерин болсо уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу астында жүргүзүп келген. Мындан тышкары, Я.М.М. уюшкан кылмыштуу баңги топторунун лидери катары ИИМдин каттоосунда турат. Буга чейин Орусиянын аймагында героин түрүндөгү наркотикалык каражаттарды сатуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Белгилей кетсек, УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү улантууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты