Ош облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

  • 2 года мурун

Ош облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен селдин кесепетинен жарыксыз калган Алай районунун Жошолу айылына электр мамычалары жаңыланып, электр жарыгы берилди. Мындан сырткары, жол тейлөө мекемесинин суранычы менен техникаларынын иштөөсүнө Ош облусунун башчысы күйүүчү май менен камсыз кылып берди.

Белгилей кетсек, 3- май күнү жааган жаандан Ош облусунун Кара-Суу, кара-Кулжа жана Алай райондорунда сел катталган. Азыркы учурда тиешелүү кызматтар тарабынан жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты