Ош облусунда 6 жыл мурун катталган кылмыштын бети ачылды

  • 11 месяцев мурун

Ош облусунда 6 жыл мурун катталган кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы декабрь айында Ж. З. таандык болгон Ноокат районунун Кожо-Арык айылындагы үйдөн белгисиз жарандар бир даана “ТОЗ-34” 12 калибриндеги жана бир даана “Сайга МК” 7,63/39 калибриндеги ок атуучу куралдарды уурдап кеткендиги боюнча арыз катталган.

Бул факты боюнча 2018-жылдын 5-январында Кылмыш жаза кодексинин 164-беренесинде (кодекстин эски редакциясы) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Бир катар тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүлөр изин жашырып кармалбагандыктан, козголгон кылмыш өндүрүштөн убактылуу токтотулуп, кылмыштын бетин ачууга багытталган иш-чаралар жүргүзүү улантылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты