Ош облусунда 30дан ашуун күрөөкананын иши токтотулду

  • 5 месяцев мурун

Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагындагы күрөөканалар текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамдарда белгиленген пайыздык чендер жогорулатылганы аныкталып, айыптар салынды. Мындан тышкары, 30дан ашуун күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулуп, тиешелүү текшерүү иштери дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет.

УКМК тарабынан учурда элге мүмкүн эмес шарттарда акча каражатын берип, күрөө мүлкүн өз пайдасына которуп, ошону менен өзгөчө ири өлчөмдө киреше алып келген сүткорлук менен алектенген адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жакында эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бардык күрөөканаларды текшерүүнү тапшырган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты