Ош облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

  • 3 месяца мурун

Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев Ош облусундагы кырдаал боюнча чукул штаб өткөрүп, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Онлайн режимде өткөн жыйынга облустук жетекчилер, жарандык коргонуу өкүлдөрү жана район жетекчилери катышты. Талкууда учурдагы кырдаал боюнча маалымат берилип, акыркы күндөрдө аткарылган иштер талдоого алынды.

ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Замир Эрмаматов жалпы облустагы абалга сереп салып, өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча сунуш киргизди. Бул сунуш жарандык коргонуу өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты.

Кырдаалды жана талкууланган жүйөлөрдү эске алуу менен президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл-облустук Жарандык коргонуунун башчысы Жантаевдин буйругу менен өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чечими кабыл алынды.

Эльчибек Жантаев аймактагы кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирип, кырдаалды турукташтыруу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн макулдашылган иш-аракеттеринин зарылдыгын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты