Ош облусу Ирандын Хорасан-Резави провинциясы менен кызматташат

  • 2 года мурун

7-октябрь күнү президентин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Иран өлкөсүнүн Хорасан-Резави провинциясынын губернаторунун орун басары Абольфазл Чаманди баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу, айыл чарба жана өндүрүш багытында тажрыйба алмашуу, инвестиция, медицина багытында иштешүү тууралуу сүйлөшүштү.

Ошондой эле, Хорасан-Резави провинциясынан келген делегация өкүлдөрү Ош облусундагы өндүрүш жана айыл чарба тармагындагы мекемелер менен таанышты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы жана Достук мамиленин алкагында Ош облусу жана Хорасан-Резави провинциясынын ортосунда жол карта иштеп чыгуу макулдашылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты