Ош облустук кан борбору Баткенге жөнөтүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырат

  • 2 года мурун

Ош облустук кан борбору Баткенге жөнөтүү үчүн жарандарды кан тапшырууга чакырат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ош облустук кан борбору азыркы кырдаалда кандын жана анын компоненттеринин запасы болушу үчүн өлкөбүздүн жарандарын акысыз кан тапшырууга чакырат.

Ош шаары, Увам көчөсү 12 дареги боюнча жугуштуу оорулары жок 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандар чакырылат. Кан алуу убактысы саат 08:00дөн 14:00гө чейин.

Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ: паспорт, аскердик билет же айдоочулук күбөлүк болушу керек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты