Ош — Нью-Дели багытындагы алгачкы чартердик каттам ачылды
- 2 недели мурун
Эл аралык «Ош» аэропортунан Нью-Делиге эл аралык чартердик каттам туруктуу түрдө каттай баштады. Бул тууралуу Kaktus.kg «Манас эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматына шилтеме жасап, жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, биринчи каттам менен 180 жүргүнчү учту.
«Ар аптанын шейшемби күнү болуучу каттам транспорттук байланыштарды жакшыртууга гана эмес, эки тарап үчүн маанилүү болгон экономикалык жана дипломатиялык мамилелерди чыңдоого багытталган»,-деп билдирген компания.
Сүрөт: «Манас эл аралык аэропортунун» басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү