Ош: Эгиз кыздарын сабаган аял 2 айга камакка алынды

  • 9 месяцев мурун

Ошто өз балдарын сабаган эне кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта аял кишинин эки баланы уруп жаткан видео тараган. Араван райондук ички иштер бөлүмү социалдык тармактарга мониторинг жүгүзүп, чогултулган материалдардын негизинде анын 21 жаштагы Д.С. аттуу тургун экенин аныктаган. Тергөөнүн жүрүшүндө Д.С. видеотасмада уруп жаткан балдар өзүнүн 2 жашар эгиз кыздары экендиги айтылды. Шектүү кыздарын заара ушатып койгондугу үчүн сабаганын билдирген.

Топтолгон материалдардын негизинде келинге Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Уруп-сабап кыйноо») боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.

Учурда наристелердин алган жарааттарын жана психикалык жактан жабыр тарткандыгын аныктоо максатында экспертизалар дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты