Ош-Бишкек жолунда күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыкты

  • 9 месяцев мурун

Ош-Бишкек жолунда күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун болжол менен 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык катталган аймакка өрттү өчүрүүгө саат 14:29да Кара-Балта шаардык №22 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 14:38де авариялык куткаруу унаасы менен 3 куткаруучу жана ИИМден 1 экипаж жөнөтүлгөн. Өрт саат 15:40та толук өчүрүлгөн. Тилекке каршы, тилсиз жоонун кесепетинен 4 адам жабыркап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканага жеткирилген. Ошондой эле Мерседес-Бенц жана Хонда-СРВ жеңил унаалары күйгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты