«Ош базарында» мыйзамсыз сооданы жоюу боюнча рейддер уланууда

  • 1 год мурун

«Ош базарында» мыйзамсыз сооданы жоюу боюнча рейддер уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

2023-жылдан баштап «Ош базардын» аймагында Ленин муниципалдык администрациясы тарабынан Ленин райондук ички иштер башкармалыгы, «Тазалык» мугиципалдык ишканасы менен биргеликте 89 рейддик иш-чара өткөрүлүп, башаламан сооданы жайылткан 154 объект (кол чатырлар, чатырлар, столдор, темир конструкциялар, жыгач конструкциялар, отургучтар, манекендер) алынды. 23 араба кампага жеткирилди. К.Акиев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Айни жана Ш.Руставели, Ч.Тыналиев көчөлөрүндө (аялдаманын жанында) башаламан соода сатыктарды жоюу иш-чаралары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты