Ош: бассейнде бейтааныш жигитти бычактап кеткен деген шек менен 28 жаштагы жаран кармалды

  • 12 месяцев мурун

Ош шаарында бассейнде бейтааныш жигитти бычактап кеткен деген шек менен 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 22-июлда саат 21:30 чамасында Ош шаардык ооруканасына 2001-жылы туулган жаран денесинен жарат алып кайрылган. Жабырлануучу милицияга берген көрсөтмөсүндө бассейнде эс алып жатканда белгисиз жаран менен пикир келишпестиктен улам сөз талаша кетишкендигин, ал жанындагы бычагы менен бел тарабына сайып, изин жашырып кеткендигин билдирген.

Кийин милиция кызматкерлери тарабынан шектүү адамдын өздүгү аныкталып, издөө иштери башталган. Анын алкагында Ош шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жеринен Кара-Суу районунда 1995-жылы туулган Н. М. кармалган.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүндө «Коен» деген ат менен белгилүү жаран.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин («Бейбаштык») негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты