«Ош» аэропортундагы авиакаттамдардын графиги өзгөртүлдү

  • 2 года мурун

«Ош» аэропортундагы авиакаттамдардын графиги өзгөртүлдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 5-декабрда «Ош» эл аралык аэропортун коюу туман каптады. Туруксуз аба ырайына байланыштуу эртең мененки 7:40тан баштап айрым ички авиакаттамдардын графиги жылдырылды.

— Ош-Бишкек (132) каттамы 7:45тен 11:40ка жылдырылды.

— Ош-Бишкек (106) каттамы 8:40тан 11:50гө жылдырылды.

— Ош-Бишкек (178) каттамы саат 10:40тан 12:30га которулду.

Буга ылайык, «Манас» эл аралык аэропортунан Ош шаарына аткарылуучу ички каттамдардын графиги да жылдырылууда. «Манас» эл аралык аэропорту ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Эскерте кетсек, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо компания үчүн биринчи орунда турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты