Ош аэропортунда кармалып турган орусиялык учактын сертификаты текшерилип, учууга уруксат берилди

  • 2 года мурун

Ош аэропортунда кармалып турган «Урал аба жолдоруна» таандык учактын сертификаты текшерилип, учуп кетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу 24.kg басылмасы Транспорт министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Александр Настаевге шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, Кыргызстандан жооптуу адамдар Орусия авиациясы менен байланышып, учактын учууга жарамдуулугун тастыкташты.

«Жүргүнчүлөр учакка отура башташты. Жакынкы убакта Минеральные Воды шаарына учуп кетет. Биз Орусия тарап менен байланышып, учактын учууга жарамдуулугу тууралуу тастыктама алдык», — деп билдирген Настаев.

Ош-Минеральные Воды багыты боюнча 29-апрелде саат 16:00дө уча турган учак аэропортто кармалып турган.

Учак Минеральные Воды шаарынан Ошко бүгүн учуп келген. Кайра жүргүнчүлөрү менен кетиши керек эле.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты