«Ош» аэропортунда 5 млн сомдук алтын буюмдарды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

  • 11 месяцев мурун

«Ош» эл аралык аэропортунда чек ара аркылуу 5 млн сомдук алтын буюмдарды мыйзамсыз жол менен алып өтүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары тарабынан текшерүү жүргүзүү учурунда Ош-Стамбул каттамы боюнча бара жаткан Өзбекстандын 1978-жылы туулган Т.С. аттуу жаранынын адаттан тыш жүрүм-туруму кызматкерлердин көңүлүн бурган.

УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүү учурунда аталган жарандын 848 грамм алтын буюмдарды учактын бортуна мыйзамсыз алып өтүү аракети аныкталган.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, буюмдардын наркы 5 млн сомдон ашкан.

Учурда Т.С. аттуу жаран жана анын жанынан табылган буюмдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты