Ош: 44 жаштагы жаран 2 кг баңгизат менен кармалды
- 11 месяцев мурун
Ош облусунун Кара-Суу районунда 44 жаштагы жаран 2 кг баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-августта Ош шаарынын тургуну К.И. башкарып бара жаткан унааны тинтүү учурунда алдыңкы орундуктан 1 кг 936 грамм «гашиш» табылган.
Кылмышка шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин «Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
18-августта шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынды.
Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.
Муну бөлүшүү