Орусиянын премьер-министри Кыргызстанга келет
- 1 год мурун
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин 14-августта Кыргызстанга келет. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн маалымат кызматына таянып жергиликтүү басылмалар жазды.
Мишустин Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүнө катышат. Анда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланат.
Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарында 14-15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.
Муну бөлүшүү




