Орусиянын премьер-министр Михаил Мишустин мартта Тажикстанга келет

  • 2 года мурун

Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Тажикстанга келет. Бул тууралуу Тажикстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Билдирүүдө алдыдагы сапарга даярдык көрүү маселесин 24-январда Тажикстандын Орусиядагы элчиси Давлатшох Гулмахмадзода менен Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин талкуулаганы айтылат.

Мишустиндин сапары март айынын башына белгиленди.

Орусия Тажикстандын стратегиялык өнөктөшү болуп эсептелет. Бул өлкө жыл сайын жүз миндеген тажик эмгек мигранттарын кабыл алат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты