Орусиянын Коргоо министрлиги «Москва» аскердик кемеси чөгүп кеткенин ырастады

  • 2 года мурун

Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңиз флотунун «Москва» аскердик кемеси чөгүп кеткенин ырастады.

Маалыматка ылайык, крейсерди белгиленген портко алып келе жатканда өрттөн олуттуу жабыркагандыктан, катуу толкунга туруштук бере албай чөгүп кеткен.

Мунун алдында аскердик кеменин экипажы өрттөн улам коопсуз жайга куткарылганы маалымдалган. Орусиянын Коргоо министрлиги крейсерде өрт чыкканын, анын себеби иликтенип жатканын билдирген. Жабыркагандар жана өлгөндөр тууралуу маалымат бериле элек.

Украина болсо «Москва» кемесине ракетадан сокку урганын билдирген. Одесса облусунун аскердик администрациясынын башчысы Максим Марченко крейсерге «Нептун» ракеталары менен чабуул жасалганын айткан.

«Москва» кемесинин экипажы ар кандай маалыматтарга ылайык, 510дөн 758 адамга чейин болушу мүмкүн.

Бул крейсер Орусия Украинага бастырып киргенден кийин, Одесса облусундагы Змеиный аралындагы аскердик операцияга катышкан. Анда бир топ украин жоокери курман болуп, айрымдары барымтага алынганы айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты