Орусиянын, Казакстандын президенттери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

  • 2 года мурун
Орусиянын, Казакстандын президенттери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Орусия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди алдыга жылдыруу, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча аракеттериңизди жогору баалайт», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын саясий жана социалдык-экономикалык чөйрөлөрдөгү ийгиликтерди каалады.

«Өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюнун өсүшү — сиздин мекенге болгон ак ниет кызматыңыздын, мамлекет башчы катары алысты көрө билген конструктивдүү саясатыңыздын натыйжасы.

Сиздин демилгелериңизди жана реформаларыңызды ийгиликтүү ишке ашыруу мындан ары да кыргыз элинин туруктуу өсүшүнүн, бакубаттуулугунун жана гүлдөп-өнүгүшүнүн кепилдиги болуп кызмат кыла берерине ишенем.

Мен биздин достугубузду жана биздин мамлекеттер менен элдерибиздин ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого кошкон Сиздин жеке салымыңызды жогору баалайм. Сизге боордош Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө чоң ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат Казакстандын президентинин куттуктоосунда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты