“Орусиянын “Kandinsky 2.1” сүрөт түзүүчү кызматы ChatGPTга  караганда популярдуу болуп чыкты”. Текшеребиз

28-апрелде кыргызстандык “Knews” сайты “Орусиянын  нейрон тармагы чет элдик ChatGPT’ге караганда популярдуу болуп чыкты” деген материалды жарыялаган. Анда апрелдин башында чыгарылган Kandinsky 2.1 нейротармагын  колдонуучулардын саны 6 күндүн ичинде 2 миллионго жетип, дүйнөдөгү эң тез өнүккөн жасалма интеллект (Artificial Intelligence) кызматтарынын бири болгону айтылат.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Kandinsky 2.1 жана ChatGPTнын катталуучуларынын санын салыштырабыз 

Kandinsky 2.1 — адамдар жазган текстти окуп, анын негизинде сүрөт түзө алган кызмат.  Интернет аркылуу сүрөт түзүүчү кызматтардын (Midjourney, Stable Diffusion и DALL-E) акыркы чыккан үлгүсү болуп саналат. Ал аркылуу каалаган сүрөттү жасап алууга болот. Белгилүү бир сүрөттөмөнү жазып киргизгенде бул нейротармак аны иштеп чыгып, бир канча вариантты колдонуучуга сунуштайт. Аталган нейротармак 100дөн ашык тилди түшүнөт. 

“Kandinsky 2.1” 2023-жылдын  апрель айынын башында колдонууга берилген. “TASS” агенттигинин маалыматына ылайык, аталган жасалма интеллект ишке киргизилгенден тартып 4 күндүн ичинде  колдонуучулардын саны 1 миллионго жетип, дагы эки күндө бул көрсөткүч эки эсеге көбөйүп, колдонуучулардын саны 2 миллионду түзгөн. 

Ал эми ChatGPT —  адамдар менен табигый тилде диалог куруп, компьютердик коддорду түзүп, ар кандай темада анализ жасап, студенттик эссе,  ыр, сценарийге чейин жазып бере алган чат-бот. ChatGPT азыркы учурда кеминде 95 тилде жеткиликтүү кызмат көрсөтөт. 

ChatGPT 2022-жылы ноябрь айында колдонууга берилген. Чыккан күндөн тартып дүйнө жүзү боюнча тездик менен популярдуулукка ээ болду. Чыгарылгандан кийин 5 күндө 1 млн, 2 айдын ичинде болсо 100 млн колдонуучу топтогон.

UBS финансылык компаниясы ChatGPT тарыхтагы эң тез өнүккөн тиркеме деп атаган.

Kandinsky 2.1- сүрөт түзүүчү кызматты аткарат, ал эми ChatGPT текст түзүүчү кызматты аткарат. Тактап айтканда, экөө эки башка функцияны аткарат. 

Ошондой эле, Kandinsky 2.1дин популярдуулугу тууралуу маалыматты Орусиянын медиаларынан тышкары, англис тилдүү “Phonemontra” сайты жазган. Бирок ал дагы маалымат булагы катары аталган нейротармакты иштеп чыккан “Сбер” компаниясын көрсөткөн.

Kandinsky 2.1 ага чейин колдонулуп келген атаандаштары Midjourney, Stable Diffusion жана DALL-Eден эмнеси менен айырмаланат?

Орус моделинин ага чейинки колдонулуп келген сүрөт түзүүчү кызматтардан  олуттуу артыкчылыгы жок. Бирок баасында, колдонуу тилинде айрымачылыктар бар.

Midjourney сүрөт түзүүчү нейротармагы 2022-жылы 12-июлда колдонууга берилген.  Эки айдын ичинде колдонуучулардын саны 2.7 миллионго жеткен.  Учурда аталган кызматты ар ай сайын 3-4 миллион адам 10-60 доллар төлөп англис тилинде гана колдонот.  Бул нейросетте күнүнө 275 миң сүрөт жасалып, айына орточо 750 млн доллар киреше табат.

Kandinsky 2.1 2023-жылдын 4-апрелде колдонууга берилип,  6 күндүн ичинде колдонуучулардын саны 2 миллионго жеткен. Аталган кызмат Борбор Азия элдеринин маданий өзгөчөлүктөрүнүн негизинде түзүлгөн тексттерди жакшы түшүнүп, 100дөн ашык тил де  акысыз кызмат  көрсөтөт

Жогорудагы эки нейротармакты салыштырганыбызда алардын чыгарган продукциясы сапаты жагынан окшош, бирок Kandinsky 2.1 кызматынын акысыз болгондугу жана 100дөн ашык тилди түшүнө алгандыгы үчүн колдонуучулардын саны кыска убакта өскөнүн көрүүгө болот.

Жыйынтык: Орусиялык “Kandinsky 2.1” колдонууга чыккан алгачкы жума ичинде ChatGPTге караганда көбүрөөк колдонуучу топтой алганы чын. Бирок экөө эки башка функцияны аткарган жасалма интеллект экенин эске алуу керек. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты