Орусиянын ИИМ башчысы: мигранттарга карата ксенофобиянын өсүүсүнө жол бербөө керек

  • 2 месяца мурун

Орусияда ксенофобиянын жана эмгек мигранттарына карата негизсиз кысым көрсөтүүлөрдүн өсүүсүнө жол бербөө керек. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Владимир Колокольцев Федерациялар кеңешинин комитет төрагасы Андрей Шевченконун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Коомчулукту мигранттардын арасындагы кылмыштуулук тынчсыздандырып жатат. Дээрлик күн сайын мигранттардын агымын чектөө жана миграциялык көзөмөлдү күчөтүү талаптары жазылган билдирүүлөр чыгып жатат. Эмгек мигранттары бизге керек эмес деген пикирлер да айтылып жатат. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?», – деп суроо узаткан Шевченко.

Жооп катары ИИМ башчысы Орусияда жасалган жалпы кылмыштардын 4 гана пайызы чет өлкөлүк жарандарга туура келерин билдирди.

«Болгону айрым учурларда башка өлкөлөрдүн жарандары өздөрүн биздин коомду беймаза кыла тургандай алып жүрүшөт. Аларга өзгөчө көңүл бурулуп жатканы – «Крокус Сити Холлдогу» терактка байланыштуу. Аларды көмүскөдөн чыгаруу аракети менен катар эле мигранттарга карата ксенофобиянын өсүшүнө жана негизсиз чаралардын көрүлүшүнө жол бербешибиз керек. Биздин өлкөнүн ичиндеги абалды туруксуздаштырууну каалаган стратегиялык каршылаштарыбыз дал ушуну күтүп турушат. Мындай маселелерди биз укуктук талаада чечишибиз керек», – деди министр.

Ал арада ички иштер министринин орун басары Михаил Галузин «Валдай» эл аралык талкуу клубунун IV борбор азиялык конференциясынын ачылышында сүйлөп жатып, «Орусия миграциялык тармактын өлкөгө террористтик идеологиялар келе турган жылчык катары пайдаланылышына жол бербөө боюнча Борбор Азия өлкөлөрү менен иштешип жатканын» билдирди. Ошол эле маалда ал Орусия терроризм менен экстремизмдин дини жана улуту болбойт деген позицияны кармана турганын белгиледи.

Акыркы апталарда Орусияда тажик мигранттарына басым күчөп, аларды куугунтуктоо жана депортациялоо учурлары көбөйгөнү кабарланууда. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен болгон сүйлөшүүсүндө өлкөгө келип жаткан чет өлкөлүктөрдү кылдат текшерүү жана айрымдарын депортациялоо – «Крокустагы» теракттан кийин башталган убактылуу чара экенин айткан. Бирок тажик тарап мындай мамиле максаттуу түрдө Тажикстандын жарандарына гана жасалып жатканын жана ал эки өлкө ортосундагы достук мамилеге туура келбей турганын белгилөөдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты