Орусиянын эсебинен Кыргызстанда орус тилдүү тогуз мектеп курулат

  • 2 года мурун

Кыргызстандын жети облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында Орусиянын эсебинен тогуз мектеп курулат. Бул тууралуу “Клооп” басылмасы Билим берүү министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерин орус бийлиги көзөмөлдөп, мектеп бүткөн соң кыргыз тарапка өткөрүп берет.

Мектептерде окутуу орус тилинде болот жана мугалимдер атайын Орусиядан окутуудан өтүп келишет. Эгер муктаждык болсо, кыргыз тилиндеги класстар ачылат.

Министрлик учурда мектеп курулчу жерлерди жана документтерди даярдоо процесси жүрүп жатканын билдирди. Бирок курулуш иштери качан башталары белгисиз.

Мектеп салынчу жерди көрүү үчүн Орусиянын Билим берүү министрлигинин өкүлү Олег Чижаковский, Башкортостан мамлекеттик педагогикалык университетинин аналитикалык кабинетинин директору Радик Юлбаев келгенин мэриядан белгилешти.

Жалал-Абад шаардык мэриясы Орусиянын эсебинен курулчу мектеп 1200 орундуу болорун белгилеп, курулуш үчүн шаардын Спутник кичи районунан үч гектар жер бөлүнгөнүн айтты.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга Орусиянын эсебинен мектеп куруу боюнча келишимге президент Садыр Жапаров Москвага болгон иш сапарында кол койгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты