Орусиянын аймагынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

  • 2 года мурун

Орусиянын аймагынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери  укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынып, из жашырып жүргөн жарандарды аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында  издѳѳдѳ жүргѳн 1993-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган Т.Н., аттуу жаран Орусиянын аймагынан  кармалды. 

Ал  2016-жылдан бери Кылмыш-жаза кодексинин (01.10.1997 № 68 эски редакция) 155-беренесиинин (Аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) негизинде козголгон кылмыш ишине шектелип, издѳѳгѳ алынган. 

Учурда шектүүнү Кыргыз Республикасынын аймагына экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты