Орусиялыктардын «карта туризмине» байланыштуу КМШ өлкөлөрүндө банк карталарына суроо-талап өстү

  • 2 года мурун

Орусия жарандарынын «карта туризмине» байланыштуу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ) уюмуна мүчө өлкөлөрдө банк карталарына болгон суроо-талап өстү.

Маалыматка караганда, баарынан көп банк карталары Кыргызстанда берилген. Бул өлкөдө экинчи кварталда эл аралык төлөм карталарынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,7% өскөн.

Өзбекстанда чыгарылган банк карталарынын саны 26,2%, Арменияда 16,2%, Беларуста 11,52% жана Тажикстанда 28% көбөйгөн. Төлөм карталары кардарларга баарынан аз Казакстанда берилип, өсүү 7,86% түзгөн.

Талдоочулар КМШ өлкөлөрүндө банк карталарынын көбөйүшүн Орусиядан эл аралык Mastercard жана Visa төлөм системаларынын чыгып кетишине, ошондой эле орусиялык МИР жана кытайлык UnionPay системаларына суроо-талаптын аз экенине байланыштырып жатышат.

Орусиялыктардын «карта туризминин» жогорку чеги апрель жана май айларына туура келген. Кийинки айларда банктар Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылып калуудан сактанып, резидент эмес (чет өлкөлүк) кардарларга эсептерди ачуу шарттарын катаалдатышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты