Орусиялык басылманын манипуляциясы. Бактыбек Максүтовдун Курултайдагы сөзү бурмаланган

Журналист Санжи Туйтунова  Фейсбуктагы баракчасына орусиялык медиалар курултайга катышкан Бактыбек Максүтовдун сөзүн бурмалаганын жазып чыкты.

«Кыргызстанда Фрунзенин эстелигин алып салуу сунушталды» деп жазышыптыр. Бактыбек Максүтов «Кыргызстанга келген кишилерде Орусиянын автономиясыбы деген ой калат, Манастын эстелигин Балыкчынын оозуна орнотуу керек» деген мааниде гана сөз сүйлөгөн”, — деп жазды Санжи Туйтунова.

Орусиялык басылманын манипуляциясы. Бактыбек Максүтовдун Курултайдагы сөзү бурмаланган

“ПолитКлиника” медиасы Бактыбек Максүтовдун курултайда сүйлөгөн сөзүн текшерип көрдү.

Орусиялык басылма эмне деп жазган?

Орусиялык Regnum.ru сайтында “Кыргыз саясатчылары орусиялык инсандардын эстеликтерин алып салууну сунушташууда” деген аталыш менен материал жарыяланган.

“Биринчи элдик курултайдын айрым делегаттары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго республиканын борборундагы темир жол вокзалынын жанына орнотулган Михаил Фрунзенин бюстун алып салып, анын ордуна Манастын эстелигин тургузууну сунушташууда. Делегаттар өздөрүнүн демилгесин «туристтер Кыргызстан Орусиянын автономиясы деген ойдо болушу мүмкүн» деп негиздешет”, — деп жазды орусиялык Regnum.ru сайты.

Бактыбек Максутовдун курултайда айткан сунуштары

Биринчи элдик курултайда делегат Бактыбек Максутов “Манас” эпосуна байланыштуу бир канча сунуштарды айткан. 

Биринчи сунушум — “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунун кара сөз вариантын чет тилдерге которуу. Биз 80-100 миллион калкы бар, экономикасы өнүккөн мамлекеттер менен атандаша албайбыз. Бирок көлөмү, мазмуну жана мааниси жагынан дүйнөдө теңдешсиз “Манас” эпосу менен сыймыктана алабыз. Ошондуктан “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунунун кара сөз вариантын орус, түрк, англис, кытай тилдерине которууну колго алсак, Кыргыз мамлекетин дүйнөгө кеңири таанылышына шарт түзүлөт эле. 

Экинчи сунуш — Бишкекте жана облустун борборундагы театрларда “Манас” эпосуна байланыштуу бүгүнкү күндүн көз карашы менен жазылган жаңы спектаклдерди коюу. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында, бардык облустун борборунда заманбап драма театрлар бар. Бирок ал театрларда “Манас” эпосуна байланыштуу драмалар сейрек коюлат. Же такыр эле коюлбайт. Ал эми борбордо Кыргыз драма театры жакында мындан 30 жыл мурун коюлган “Семетей” спекталин коюшту. Андан бери заман өзгөрдү, эгемендүү өлкө болдук, ошого байланыштуу бүгүнкү күндүн көз карашы менен жаңы спектакль коюлушу керек эле. 

Үчүнчү сунушум — Балыкчы шаарынын кире беришине Манас бабабыздын эстелигин тургузуу. Азыркы убактарда өлкөбүздө туризм өнүгө баштады. Дүйнөнүн туш тарабынан туристтер келүүдө. Бишкек темир жолу вокзалынан түшкөн адам алгачкы жолу кара айгырын минип турган Фрунзенин эстелигин көрүшөт. Андан кийин Новопокравка айылын басып, көл тарапка бет алат. Кемин шаарчасына келгенде орус офицеринин кийимин кийген Шабдан баатырын карап өтүшөт. Андан өтүп Балыкчы шаарына киргенде атын, итин жетелеген Семенов Тянь-Шанскийдин эстелигин карап өтүшөт. Көлдүн башына чыкканда Прежевальскийдин эстелегине туш болушат. Сөздүн кыскасын айтканда, сырттан келген туристке Кыргызстан Орусиянын бир автоном облусунда калгандай элес калтырат. Ошондуктан Балыкчы шаарынын кире беришине Манас бабабыздын эстелигин тургузуу зарыл”, — деген Бактыбек Максүтов.

Курултайда сүйлөгөн Бактыбек Максүтов деген ким?

Бактыбек Максүтов — жазуучу, драматург, публицист. Ал 1969-1970-жылдары Кочкор районунун «Ленин», «24-партсъезд», «Теңдик», «Октябрдын 60-жылдыгы» атындагы колхоз, совхоздорунда бухгалтер, башкы экономист, башкы бухгалтер, профкомдун төрагасы, Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

1990-1995-жылы Жогорку Кеңеште депутат жана парламенттеги Экономика, каржы, бүжөт боюнча комиссиянын катчысы болгон. Ал эми 1995-1996-жылдары Контролдоо палатасында инспектор, 1997-2000-жылдары Эсептөө палатасында аудитор болуп эмгектенген. 2000-жылдан азыркы тапка чейин «Айкөл Манас баяны» коомдук фондунун төрагасы. 

Делегат Фрунзенин эстелигинин ордуна Манастын эстелигин коюу сунушун айткан эмес

Орусиялык Regnum.ru сайты “Биринчи элдик курултайдын айрым делегаттары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго республиканын борборундагы темир жол вокзалынын жанына орнотулган Михаил Фрунзенин бюстун алып салып, анын ордуна Манастын эстелигин тургузууну сунушташууда” деп жазган.

Делегат Бактыбек Максүтовдун кайрылуусунда мындай сунуш болгон эмес. Максүтов үчүнчү сунушунда эстеликтер тууралуу сөз кылган. Анда ал Балыкчы шаарынын кире беришине Манас бабабыздын эстелигин тургузууну сунуштаган.

Мында манипуляциянын дезинформация, калп жана жалпылоо ыкмалары колдонулган:

  • дезинформация  – аудиторияны манипуляторго зарыл болгон аракеттерге үгүттөчү толук эмес, контекстти бурмалоо;
  • калп — фактыларды бурмаланган түрдө көрсөтүү, чындыкка дал келбеген маалыматтарды берүү. 
  • Жалпылоо — кайсы бир топтун айрым бөлүгүнүн сапатын жалпылап бүтүндөй топко тиешелүү кылып көрсөтүү. Мисалы, материалдын аталышында жалпылоо ыкмасы колдонулган.  “Кыргыз саясатчылары орусиялык инсандардын эстеликтерин алып салууну сунушташууда” деген аталыш — бул жалпы кыргыз саясатчылары деп көрсөтүү. 

Жыйынтык: Орусиялык Regnum.ru сайтынын “Кыргыз саясатчылары орусиялык инсандардын эстеликтерин алып салууну сунушташууда” деген аталыштагы материалында манипуляциянын дезинформация, калп жана жалпылоо ыкмалары колдонулган. Андагы маалыматтар бурмаланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты