Орусиядагы абал боюнча Зеленский билдирүү жасады

  • 1 год мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиядагы абал боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу анын телеграм-каналына жарыяланды.

«Орусия көпкө чейин өзүнүн алсыздыгын жана башкаруусунун болбогон ишин пропаганда менен жашырып келе жатат. Эми калптарын жашыра алышпайт. Бул нерселерди 1917-жыл менен кайра-кайра коркуткан бир киши жасап жатат. Орусиянын алсыздыгы көрүнүп турат. Орусия өзүнүн аскерлерин жана жалданма аскерлерин биздин жерде канчалык көп кармаса, өзү үчүн хаос, көйгөй ошончолук көп болот. Бул көрүнүп турат», — дейт Зеленский.

“Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин телеграм-каналдары аркылуу орус күчтөрү “Вагнердин” позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин билдирген.

Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети тарабынан Евгений Пригожинге кылмыш ишин козголду.

Ал жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты