Орусияда тик учак кыйраган жерден 22 кишинин сөөгү табылды

  • 2 недели мурун

Орусияда жарандык тик учак кырсыкка кабылган жерден каза болгон 22 кишинин баарынын сөөгү табылганын 2-сентябрда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 31-августта Камчатск крайында болгон. Ичинде 19 жүргүнчү (көбү туристтер) жана экипаждын үч мүчөсү бараткан Ми-8 тик учагы бийик дөбөлөрдүн бирин сүзүп, кулап түшкөн. Тик учак түшкөн жер 1-сентябрда аныкталган.

Учактын ээси «Витязь-Аэро» компаниясы, жетекчилердин айтымында, жай тургундарды жана туристтерди ташуу менен 15 жылдан бери алектенип келген. Ушул эле компаниянын дагы бир тик учагы Камчатка аймагында кыйрап, сегиз кишинин өмүрү кыйылган.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты