Орусияда «Нелегал» операциясынан кийин 130 кыргызстандык депортацияланды

  • 1 год мурун
Орусияда "Нелегал" операциясынан кийин 130 кыргызстандык депортацияланды

Орусиядагы «Нелегал» операциясынан кийин Москва шаары жана Москва облусунан 130 кыргызстандык депортацияланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков 19-июлда билдирди.

«Операция негизинен Москвада, Санк-Петербургда болду. Москвадан жалпысынан 130 киши Кыргызстанга депортацияланды», — деди Жолдошбеков.

Буга чейин Орусиянын Ички иштер министрлиги «Нелегал» рейдинен кийин жети миңдей мигрант депортацияланып, бир нече миң адамга каршы кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кылмыш иштери негизинен маңзат жана психотроптук заттарды жүгүртүүгө жана чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу.

Орус бийлиги операциянын биринчи баскычы 19-25 июнь күндөрү жүргүзүлгөнүн билдирген. Мигранттар рейддер токтобой жатканын кабарлап жатышат.

Июндун соңунда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын кесиптик кошуунунун өкүлү Акбар Разыкулов полиция көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей туруп, жапырт алып кетип жатканын билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 24-июнда Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турганын, элчилик аларга укуктук кеп-кеңештерди берип жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты